ЖК спикери Нурланбек Шакиве Билим берүү министрлигин бөлүп, эки министрлик түзүүнү сунуштады.

спикер учурда министрлик жумушуна жетишпей жатканын, ири реформаларды ишке ашыра албай келгенин айтты.

“Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлейт. Бирок бирине жетишсе, бирине жетишпей, ири реформаларды ишке ашыра албай келет. Андыктан, бала бакча менен мектептерди өзүнчө, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген экиминистрлик түзүү зарыл деп эсептейм”, — деди спикер.

От admin