2024-жылдын 26-мартында «Маркетинг» , «Социалдык иш» , «Кытай таануу» , «Маалыматтык системалар жана технологиялар» , «Инженердик программалык камсыздоо» , «Маалыматтык технологиялар» багыттары боюнча КУУнун магистратурасынын билим берүү программаларын эл аралык аккредитациялоо программасы боюнча тышкы эксперттик комиссиянын иши башталды.

Аккредитациялоо жол-жобосун Россия Федерациясынын Кесиптик жана коомдук аккредитациялоо боюнча улуттук борбору (РФ НПОА) Кыргыз Республикасынын “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги (“Билим-Стандарт” КР УИА) менен бирге жүргүзүүдө.

Анда санариптик жана инновациялык технологиялар борборунда КУУнун жетекчилиги, окуу түзүмдүк бөлүмдөрү жана аккредитацияга жооптуу адамдар менен эксперттердин жолугушуусу болуп өттү.

Ошондой эле аталган иш-чарага өлкөбүздөгү Жогорку окуу жайларынын кызматкерлери да келишти.

Ректор Төлөбек Абылович КУУда программаларды аккредитациялоонун жаңы этабы башталганын белгиледи. Ал аткарылган иштер үчүн эксперттерге жана эл аралык биргелешкен аккредитацияга жооптууларга ыраазычылык билдирип, 2024-жыл университеттин статусу, стратегиялык өнүгүү максаттары жана милдеттери университеттин турмушундагы бурулуш учур экенин баса белгилеп кетти.

От admin