Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү суроолорго жооп берип, төмөндөгулөргө токтолду:

 0-класс жоюлуп, 1-класс деп аталат. Андыктан окуучунун жашы жогорулабайт, мурдагыдай эле 16-17 жашында мектепти бүтөт

Жаңы системага өтүүгө даярдык бар. Себеби учурда мектептерде жана бала бакчаларда даярдоо программасы (0 класс) иштейт

Балдарды 1-класска даярдаш (азыркы 0 класска) үчүн өнүктүрүү борборлору ачылат. Алар жергиликтүү бийлик сунуштаган жерде ачылат же бала бакчалардагы уктоочуу бөлмөлөр ылайыкташтырылат

12 жылдык билим берүүгө өтүү бюджеттен каржыланат

Сингапурдан 46 так илимдер боюнча предметтик жана англис тили китептери сатып алынат. Китептер Кембридж стандартынын негизинде жазылган, алар Кыргызстандын талаптарына ылайыкташтырылат.

Республика боюнча дагы 200дөй мектеп салынат, мугалимдер ноутбуктар менен камсыздалат

10,11 жана 12-класстарда адистештирилген багыттагы сабактар өтөт. Окуучу мектепти бүткөндө кошумча кесиптин ээси болуп, сертификат алат.

От admin