10-12-февралда Румынияда өткөн VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында Кыргызстандын 6 окуучу 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алды.

Алар:

— Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;

— Ян Бобрус, Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;

— Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;

— Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.

— Абдуллахан Абдирасулов, Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу – коло медаль;

 Байыш Минбаев, Ош “Сема” лицейинин, 9-классынын окуучуcу – коло медаль;

Олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Белгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казахстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан жалпы 135 окуучу катышты.

От admin