Америкалык кинорежиссер Фрэнк Чи 26-29-февраль күндөрү
Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген 20 кинорежиссер үчүн төрт күндүк
семинар өткөрдү. Семинардын катышуучулары өз коомчулугундагы экологиялык өзгөрүүлөр
жөнүндө кызыктуу социалдык медиа контентин түзүү боюнча документалдык тасма тартуу
ыкмаларын үйрөнүштү. 
 
Фрэнк Чинин семинары  АКШнын Бишкектеги элчилигинин каржылоосу жана АКШнын
Мамлекеттик департаментинин “American Film Showcase” программасынын колдоосу менен
“Жандан” Коомчулук фонду тарабынан уюштурулду.  Бул программа өз ара түшүнүшүүгө,
кызматташууга, диалогго жана дебатка көмөктөшүүдөгү кинонун баалуулугун баса белгилейт. 
 
Төрт кишиден турган командаларга бөлүнгөн катышуучулар кыска видеолорду жаратып, окуяны
түзүү, баяндоо ыкмалары, смартфонго тартуу, монтаждоо жана боюнча практикалык
тажрыйбаларга ээ болушту. Чи мырзадан жана АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн турган калыстар
тобу эң мыкты тасмаларды тандап алышты. 
 
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар кино тартуу жаатында гана билим албастан, жергиликтүү
эксперттерден Кыргыз Республикасынын алдында турган экологиялык көйгөйлөр тууралуу
маалыматын кошо алышты. Бардык катышуучулар Кыргыз Республикасынын гүлдөп жаткан
санариптик жана креативдүү секторлорунда баалуу артыкчылык болуп саналган санариптик
өндүрүшү боюнча жана социалдык медиа боюнча иш жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүштү. 
 
Семинардан тышкары Чи Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, Бишкектеги Америка
борборунда жана Борбордук Азиядагы Америка университетинде сөз сүйлөп, жалпы коомчулук
менен баарлашты. 
«Биз катышуучуларга аудиторияны тартуу жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу алар үчүн эң
маанилүү болгон темаларга келгенде өз оюн билдирүү ыкмаларын бергенибиз абдан маанилүү.
Бул тренингдин негизги мааниси мына ушунда». – деди Фрэнк Чи.
 
Фрэнк Чи – искусство, саясат жана маданияттын кесилишинде иштеген америкалык режиссер,
сүрөтчү жана креативдүү директор. Анын иши Американын жашоосундагы инклюзивдүүлүк
жана иденттүүлүк жөнүндө баяндоо жүргүзгөнү жардам берет. Фрэнктин «Гардэндеги 38»
дебюттук тасмасы Жереми Линдин 2012-жылы Нью-Йорк Никс баскетболдук командасындагы
алгачкы карьерасы жана анын азиялык америкалыктар жана бардык америкалыктар үчүн болгон
маданий мааниси жөнүндө.Тасманын бет ачары 2022-жылы болуп, «Эң мыкты кыска метраждуу
документалдык тасма» номинациясында Америкалык Киноакадемиясынын сыйлыгынын кыска
тизмесине кирген. Тасма эң мыкты кыска метраждуу документалдык тасма үчүн Sports Emmys™
сыйлыгын алды. Социалдык тармактарда Фрэнктин видео коллаборациялары 50 миллиондон
ашык көрүүнү чогулткан. 
American Film Showcase — Америка кино дипломатиясынын негизги программасы, анда
дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө Фрэнк Чи сыяктуу америкалык режиссерлор катышкан
көрсөтүүлөр жана семинарлар өткөрүлөт. American Film Showcase — АКШнын Мамлекеттик
департаменттин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросу менен Лос-Анжелестеги
Түштүк Калифорния университетинин кинематографиялык искусство мектебинин өнөктөштүгү
болуп саналат.

От admin