Кыргызстандагы мугалимдердин жарымы ушул мамлекеттен бирден ноутбук алат.
Ал үчүн бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөнүн билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева Спутник маалыматтык агенттигинин пресс-борборунда болуп өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, техниканын биринчи партиясы апрель-май айларында, калганы 1-сентябрда келет. Учурда кытайлык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, ноутбук же компьютер мугалимдердин 40%ында жок.