87085d87 215f 418a a675 74049bd31d13
6 / 100

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунан 1-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын делегациясы Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапары менен барды. Делегациянын курамында КР ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысынын орун басары — штаб башчысы полковник М.Нуралиев, 7708 аскер бөлүгүнүн командири, полковник К.Итигуловдор да бар.
Иш сапар КР ИИМи менен РФ ИИМдин ортосундагы өз ара кызматташуу программасынын алкагында жүзөгө ашты. Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы маселелердин катарында Ички аскерлердин окуу программаларын жана илимий иш-чараларын жүзөгө ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу маселеси да бар эле. Россия Федерациясынын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматы менен Ички аскерлердин ортосунда мамилелер ого бетер чыңдалып, эки тарап мындан ары бир топ багыттар боюнча кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү аракетин көрүштү.
Иш сапар жемиштүү аяктап, эки өлкөнүн тартип сакчылары ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө түздү.

WhatsApp Image 2023 07 06 at 17.34.54

Loading

От admin