Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровдун камакка алынганы тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков маалымат берди.

«32 жаштагы Улан Жапаров (эки бир тууганы Ракымжан Жапаровдун баласы) президенттин тууганы экени анык. Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды. Тактап кетейин, Садыр Жапаров кимде-ким мыйзам бузса, жакындары экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт. Ошондой эле президенттин анын жакындарынын, жогорку кызматтагы жетекчилердин атын жеке кызыкчылыктарына пайдалангандарга дагы катаал чаралар колдонуларын эскертебиз»,- деди ал.

От admin