5-июлда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майорго кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (куралды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган кызматкер Ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.

Милициянын майорунун жашаган жеринен ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната, 200 даана 9 мм калибрлүү ПМ патрону, 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону, 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору жана 72 даана помпонун патрондору. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

От admin