Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда жол кырсыгы 2023-жылдын 5-июлунда саат 22:00 чамасында болгон. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

От admin