Жайкы туристтик сезондо Ысык-Көл облусунун туристтик маршруттарында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын 40тан ашык кызматкерлери чет өлкөлүк туристтерге жана жергиликтүү эс алуучуларга жардам беришүүдө.
«Ысык-Көл облусу республиканын туристтик аймагы болуп саналгандыктан, туристтик милициянын кызматкерлери бизде эӊ меймандос кызматкерлер болуп саналат. Алар бардык туристтик объектилер жөнүндө маалыматтарды билишет. Келген меймандарыбызга эӊ кызыктуу жана кооз туристтик багыттарды, кайсыл жер мейманканалар орун алгандыгы, же болбосо туристтер өздөрү белгилеген багыттарды көрсөтө алышат», — деп белгилешет облустук милициядан.
Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери — бул коомдук коопсуздукту камсыз кылган кызматкерлери гана эмес, алар, ошол эле учурда гиддердин жана котормочулардын да милдеттерин аткара алышат. Аларды, «Tourist ecological militia» деген жазуусу бар атайын төш белгисинен танууга болот.
«Туристтик-экологиялык милициянын бардык кызматкерлери чет тилдер курсун жана туристтер менен баарлашуу эрежелерин үйрөтүүнү камтыган зарыл болгон даярдыктан өтүшөт», — дейт Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын командири, милициянын полковниги Бакыт Абакиров.
Анын айтымында, жайкы туристтик сезондун алдында туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери үчүн чет тилдер жана гид-искусство боюнча окуу сабактары өткөрүлдү. Адистер, башкача айтканда котормочу-гиддер, экскурсоводдор жана тур-менеджерлер милиционерлерге эң белгилүү болгон облустун жерлери, туристтердин эң көп берилүүчү суроолору тууралуу, атайын уюштурулган окуу сабактарында айтып беришти. Туристтик маршруттар милициянын кайгуул жүргүзгөн негизги жерлери боюнча түзүлгөн, алардын курамына чет тилдерди жана аталган аймактын кооз жерлери тууралуу маалыматтарды билген Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери да тартылган.

От admin