2023 06 20 9

 Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев 20-июнда Бишкекте өткөн “Транспорттук коридорлорду өнүктүрүү — ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода-транзиттик потенциалын ишке ашыруунун стратегиялык багыты” аттуу тегерек столдо Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан транспорттук долбоорлор жөнүндө маалымат берди.

Министринин айтымында, уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык транспорттук долбоорлордун тизмесин бекитишкен. Кыргызстандан тизмеге Луговая-Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү долбоору камтылган, андан сырткары Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал-Жалал-Абад темир жол долбоору менен Бишкек шаарындагы Түндүк-айланма жолу кошулуу процессинде турат.

Белгиленгендей, инфраструктуралык долбоорлордун тизмеси Кыргызстандын эки жаңы долбоору менен толуктоо жөнүндө буйруктун долбоору ЕЭК Коллегиясында каралган жана Комиссия кеңешинин июль айына белгиленген отурумунун күн тартибине киргизилген.

“Долбоорлорду ишке ашыруу бирдиктүү ички темир жол тармагын түзүүгө гана эмес, Кыргызстандын аймагы аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрү багытында жана карама-каршы багытта жүктөрдү экспорттук-импорттук жана транзиттик ташууларды ишке ашырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн транзитинин ыңгайлуу жана тез өтүшүнө шарттарды түзүп, транспорттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатат», — деди Кожошев.

Иш-чарынын жыйынтыгында, Арзыбек Кожошев маанилүү жана актуалдуу иш-чараны уюштургандыгы үчүн Экономика жана коммерция министрлигине ыраазычылыгын билдирди.

Loading

От admin