21-декабрь күнү кечинде Прага шаарындагы Карлов университетинин имаратында белгисиз кишинин ок атуусунан «15тен ашык адам» каза болуп, дагы ону жаракат алды. Алардын тогузунун абалы оор экени кабарланууда.

Праганын мэри Богуслав Свобода шектүү бийиктиктен секирип каза болгонун билдирди. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал аталган университеттин 24 жаштагы студенти болгон. Ал оптикалык мээлегичи бар мылтыктан ок чыгарган.

Күбөлөрдүн айтымында, шектүү өз атасын атып өлтүргөнүн, эми башкаларды да жок кыларын айтып кыйкырган.

Окуу жай жайгашкан Ян Палах аянты жана анын тегереги курчоого алынып, полиция ал жакка барбай турууну эскертүүдө.

1348-жылы негизделген Карлов университети дүйнөдөгү жана Чехиядагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири. Анда 50 миңден ашуун студент билим алат.

Чехияда жарандардын ок атуучу куралга ээ болуу укугу Конституцияда 2021-жылы бекитилген.

От admin