Кыргызстан эгемендик алган кездеги Жогорку Кеңештин — легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мамлекеттик желекти өзгөртүү менен бийлик туура эмес кадамга барганын айтты.

Коомдук ишмер бул тууралуу 21-декабрда Бишкекте «Кыргыздар» деп аталган китептин ачылышында сүйлөп жатып, билдирди.

«Нарк деген жөн эле сөз эмес. Ал материалдык нерсе, нарктын наркы — эл өзү. Эл өзү тандап, өзү бекитип, ошого сыйынып калган материалдык нерсебиз болот. Мен парламенттин мамлекеттик тууну өзгөртүү чечимин туура эмес деп эсептейм. Мен бир жолу төрагабызга кирип, Улан экөө менен чогуу сүйлөшкөн элек. «Ээрчишип алып бирге президентке баралы, сөзүбүздү айталы» деп сүйлөштүк эле. Ал сөз бойдон калды. «Парламенттеги угууларга мени чакырып койсоңор, ушул желекти бекиткен спикер мен элем» деп канча жолу айттым. Жанагы үч авторго да Нурландын (Шакиев -ред) көзүнчө айттым, «ай, бул желек силердики эмес, меники», дедим. Меники болбой эмине, аны мен башкарган 350 депутат бекиткен. Ал жерде менин колум турат. Кечээ күнү да сурандым, «мени чакырып сөз берип койгула» деп. Болор иш болду, мен сындагым да келбейт. Орустар өз желегин 75 жылдан кийин кайтарып алды. Азербайжандар 1918-жылкы желегин кайтарып алып, азыр ошону менен жүрүшөт. Мындан кийин ушундай кадамга барганда элдин оюн кичине угуп койсоңор. Эл айтып аткан сөздүн баарын «бот» деп коюшкан. Он кишинин бирөө колдоп койсо, анын сөзү туура деп коюшту. Элдин оюн антип укпайт. Элдин оюн туура укканга көнгүлө. Элден алыстап калган бийликте ийгилик болбойт», — деди Медеткан Шеримкулов.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды.

Кыргызстанда эң кызуу талкууланган маселе экенине карабай, сессияда депутат Нуржигит Кадырбековдон башка эч ким сөз сүйлөгөн жок. Эми парламентте кабыл алган документ мамлекет башчыга кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Желекке өзгөртүү киргизүү идеясы президент Садыр Жапаровго таандык экени Элдик курултайда белгилүү болгон.

Кыргызстан эгемендик алганда кабыл алынган мамлекеттик тууну өзгөртүүгө коомчулукта каршылык күч болуп, социалдык тармактарда түрдүү флешмобдор уюштурулду. Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Булак: Азаттык

От admin