2021-жылы Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин парадда көтөрүп чыккан спортчу Каныкей Кубанычбекова балбан Жоламан Шаршенбековду колдоп, социалдык тармактагы баракчасына өз оюн жазды:

«Спортчу катары мен Жоламан Шаршенбековду колдойм. Күнү-түнү бул желек менен жашап, ушул желек менен ар бир жолубузду пландап келгенбиз. Мен жаңы желекти тааныгым келбей жатат», — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

От admin