ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына белгисиз адамдар баңгизат жасап, сатууга даярданып жатканы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда КР ИИМ БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөр 1980-жылы туулган К.Д. жана 1959-жылы туулган Б.Д. аттуу жарандар аныкталган.
Кармалган, шектүүлөрдүн жашаган жери боюнча кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, 1980-жылы туулган К.Д. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда сарайдан 112 гр. “гашиша” баңгизаты табылып, кармалган
Мындан тышкары, 1959-жылы туулган Б.Д. аттуу экинчи шектүүнүн үйүнөн жалпы салмагы 22 кг. 764 гр. болгон бир мүшөк марихуана табылып, кармалган, ошондой эле марихуананы кайра иштетүүчү машина жана мыйзамсыз сакталган 7,62 калибрдүү сайлуу ок атуучу курал 21 даана 5,45 мм октору менен табылган алынган.
Шектүүлөргө карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 1-беренесинин 282-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.
Кармалган жарандар Каракол шаарынын ИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

От admin