Ысык-Көлдө 20 жаштагы жигит өз үйүндө жанын кыйды.

Ысык-Көл ОИИБден билдиргендей, 16-декабрда саат 21:10 чамасында Ысык-Көл ОИИБдин «112» кызматына Кара-Ой айылынын тургуну өз үйүндө жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери 20 жаштагы жигиттин жансыз денесин табышкан.

Ата-энесинин айтымында, саат 20:30 чамасында уулун сарайда асынган абалда табышкан. Арканды кесип, жансыз денени үйүнө алып киришкен. Ошол учурда жигиттин эс-учу болгон эмес.

«Жансыз денени кароо учурунда аркандын тагынан башка так болгон эмес. Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат«,-деп айтылат маалыматта.

От admin