Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку, Азиянын эки чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери, 2020-жылдагы Олимпиаданын катышуучусу Жоламан Шаршенбеков Kaktus.kg редакциясына маек берип, желекти өзгөртүүгө каршы оюн билдирди.Ал алдыңкы жеңиштерде, эл аралык аренада Кыргызстандын алгачкы туусун гана көтөрүп чыга турганын баса белгиледи.“Мен тууну өзгөртүүгө каршымын. Президент Садыр Нургожоевич желек өзгөртүлсө чыгым болбойбуз дебеди беле. Менде эски желек бар. Жаңы сатып албайм. Алдыда эски желекти гана көтөрүп чыгам”, — деди ал.

От admin