ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына спиртти мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюу боюнча атайын операция ийгиликтүү жүргүзүлүп, Чүй облусунун аймагында жасалма спирт ичимдиктерин даярдоо жана мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин 2-бөлүгүнүн “Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү” жана 261-беренеси “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр жасалма спирт ичимдиктерин жасоо менен алектенген сактоочу жайды ижарага алышкандыгы дагы аныкталды.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жана атайын-тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү учурунда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Бишкек шаарындагы атайын операциялар отрядынын күжүрмөн кызматкерлери менен биргеликте шектүү адамдардын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда аткезчилик жол менен даярдалган 1783 даана беш литрлик бөтөлкөдөгү спирт (8 тонна 895 литр), арак жасоочу 2 станок, ичинде жасалма арак куюлган 100 граммдык стакандар салынган 50 куту, жана 2 миң акциздик маркалар жана дары-дармектер табылган. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кылмышка шектүү катары беш жаран кармалып, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн алынып келинген. Алар, 1978-жылы туулган М.Т., К.С. жана Р.А., 1991-жылы туулган М.А.. Алардын баары Чүй облусунун тургундары болушат.
Мындан аркы ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну 1997-жылы туулган Х.М. кармалды.
Соттун чечими менен шектүү адамдар Бишкек шаарынын №1-тергөө абагына киргизилди.
Учурда кылмыштуу топтун калган катышуучуларын кармоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүп жатат.

От admin