2023-жылдын 5-декабрь күнү А. Осмонов атындагы улуттук китепканасында ИИМдин Бетме-бет гезитинин жооптуу катчысы милициянын отставкадагы полковниги Ырысбүбү Сагымбаеванын “Бороонго буюккан кыялдар” прозалык жана “Мен жана мезгил ыргагы” поэтикалык жыйнактарынын бет ачары болуп өттү. Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Самыйкожо, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, белгилүү калемгер Нурланбек Калыбеков, акындар Карбалас Бакиров, Назгүл Осмонова, кесиптештери, чыгармачылык чөйрөдөгү жакын санаалаштары келишип, каалоо-тилектерин айтышып, жагымдуу ой-пикирлери менен бөлүштү. ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери акындын патриоттук сезимди козгогон тартип сакчыларына арналган ыр саптарынан көркөм окушуп, келген коноктордун маанайын көтөрүшүп, жагымдуу сезимдерди тартуулашты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Самыйкожо эженин чыгармачылык кечесине келип, кубанычына ортоктош болгон коноктор менен жылуу учурашып, өзүнүн пикирлери менен бөлүштү.
Андан соң, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков сөз сүйлөп, эженин чыгармачылыгына сарасеп салып, жүрөктөн чыккан ыр саптарына өзүнүн талдоосун айтты. Куттуктоо сөзүнүн аягында, ал Ырысбүбү Сагымбаевага Улуттук жазуучулар союзунун союзунун Ардак грамотасын тапшырды.
Сөз кезеги Карбалас Бакировго келип, ал акындын ырлары адамдын жан дүйнөсүнөн орун алганын, сезимди сергиткен, көңүлдөрдү көкөлөткөн сөздөр бар экенин баса белгилеп, анын чыгармачылыгы колдоого жана мактоого татыктуу экенине токтолду.
Ал эми, ички иштер министринин кеңешчиси Бакыт Сеитов акындын эмгек жолуна токтолуп, кызмат менен чыгармачылыкты бирге алып кеткен кесиптешине ийгиликтерди, чыгармачылык эргүүлөрдү каалап кетти.
Белгилей кетсек, Ырысбүбү Сагымбаева ички иштер органдарына 27 жылдан ашык өмүрүн арнаган айымдардан. Кесиптешибиз жана насаатчыбыз Ырысбүбү Сагымбаева милициянын отставкадагы полковниги. Ал Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана жазуучу.

От admin