Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата Сагымбай Орозбаков атындагы китепкананын имаратында “Жаш манасчы – 2023” шаардык сынагын өткөрдү.

Шаардык сынакка райондук деңгээлдеги сынактардан алдыңкы орундарга ээ болгон борбор шаардагы жалпы билим берүү уюмдарынын 5-11-класстарынын окуучулары катышты.

Калыстар тобунда манасчы Назаркул Сейдракманов, Шайлообек Рашов, Улуттук “Манас” академиясынын кызматкери Римма Элеманова, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын кызматкерлери жана англис тили мугалими Гүлнара Тезекбаева болушту.

Шаардык сынактын жыйынтыгы боюнча кыргыз тилинде “Манас” эпосунан үзүндү айткандардын арасынан Садыбакашова Асел Баш байгеге (№80 ОМ), Рахатбекова Айназик 1-орунга (№ 86 ОМ), Абдибаитова Калбүбү 2-орунга (№ 86 ОМ), Аскербекова Таңсулуу 3-орунга (№ 43 ОМ) ээ болушту жана кыргыз-англис тилинде “Манас” эпосунан үзүндү айткандардын арасынан Асанканова Раяна Баш байгеге (№38 ОМ), Болотбекова Аяна1-орунга (№ 80 ОМ), Касымалиев Нурислам 2-орунга (№ 86 ОМ), Алымжанова Каныкей 3-орунга (№ 38 ОМ) татыктуу болушту.

“Жаш манасчы – 2023” шаардык сынагы жаштар арасында “Манас” эпосун жайылтуу, “Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

От admin