Кылмышка шектүүлөргө электрондук билерик тагылышы мүмкүн. Мыйзам долбоору ЖКнын тармактык комитетинен биринчи окуудан өттү.

Юстиция министри бул экономикалык иштер менен кармалган, пробациялык мөөнөт берилген жарандарга колдонуларын билдирди.

“2022-жылы бөгөт чарасын тандоо боюнча сотко 8000дей кайрылуу түшүп 94%ы камакка алынган. Анткени кармалган жеринде каттоосу жок болсо үй камагына чыгарбайт. Биз электрондук байкоо жүргүзүү бөгөт чарасын кошуну сунуштап жатабыз. Ошондо камалгандар азаят”, — деди Аяз Баетов.

Бир билериктин баасы 1500 долларга чейин, аны тагууга милдеттенгендер акча төлөбөйт. Министр түрмөгө кеткен каражат электрондук билерик алууга жумшаларын айтты.

Булак: Спутник кж

От admin