2023-жылдын 1-сентябрында Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте автотранспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.
ИИМдин “Унаа” ММдин Басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө онлайн кайра каттоо банктык тиркемелердин платформаларында жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жеткиликтүү.
Онлайн кайра каттоо үчүн электрондук цифралык кол тамгага ээ болуу жана “Унаа” ММ бөлүмдөрүндө транспорт каражатын визуалдык кароодон өткөрүү зарыл.
Онлайн кайра каттоо долбоору мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагындагы жаңы деңгээл. Көпчүлүгү үйдөн мобилдик тиркеме аркылуу унааны каттап, эртеси транспорт каражаттын документтерин алуу үчүн “Унаа” ММдин бөлүмүнө келгенин жана каттоо бөлүмүндө болууга беш
мүнөт да талап кылынбагандыгын баса белгилешүүдө.

От admin