Президент Садыр Жапаров бүгүн Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Нуры Голлиевди кабыл алды.

Эки өлкө ортосундагы мамилелердин абалы жана келечеги, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү багытында көрүлүп жаткан кадамдар тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө кыргыз-түркмөн мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкканын белгиледи. Ошол эле учурда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык-өндүрүштүк потенциалды толук ачуу үчүн активдүү чараларды көрүүгө тийиш.

Бул контекстте президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары кароо менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана сапаттуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи Нуры Голлиев эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, өз ара кызыкчылык жараткан тармактарда байланыштар бекемделет деген ишенимин билдирди.

Нуры Голлиев ошондой эле эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жана бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын ишендирди.

От admin