Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде, өлкөбүзгө сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Чжао Ганды кабыл алды.

Кызматташтыкты кеңейтүү, келечектүү долбоорлор, өзгөчө энергетика, жер казынасын пайдалануу, маданий-гуманитардык кызматташтык, транспорттук логистика, инвестициялар жана башка тармактар боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы акыркы жылдары байкалган позитивдүү мамилелерди бекемдөө тенденцияларын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров Чжао Гандын азыркы сапары Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты, өзгөчө экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге Президент азыркы учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер буга чейин болуп көрбөгөндөй, өзгөчө эки тараптуу кызматташтык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарылгандан кийин, жогорку деңгээлде экендигин баса белгиледи.

Кытай көп жылдар бою Кыргызстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп келген жана болуп кала берет.

Бул контекстте Садыр Жапаров Кытайдын мамлекеттик жана жеке ишканаларын, атап айтканда Шэньси провинциясынын инвесторлорун Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө, биргелешкен экономикалык пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Шэньси провинциясы менен конкреттүү долбоорлор тууралуу сөз болгондо Мамлекет башчысы модернизациялоо иштери аяктагандан кийин жакын арада ишке киргизиле турган «ДЖУНДА» мунай иштетүүчү заводунун ишин жандандыруу долбоорун бөлүп айтты.

Өз кезегинде Шэньси провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Чжао Ган Кыргызстанда Шэньси провинциясынын делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, бул анын Кыргызстанга болгон биринчи сапары, анын максаты эки өлкө лидерлеринин ортосунда буга чейин жетишилген долбоорлорду, келишимдерди мындан ары бекемдөө жана ишке ашыруу болуп саналат.

Чжао Ган өзү жетектеген делегациянын алдына кыргыз тарап менен кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүү үчүн зарыл чараларды көрүү милдети коюлганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы темир жол долбоорлорунун, ошондой эле «Кытай-европалык экспресс» темир жолунун аркасы менен Шэньси провинциясы менен Борбордук Азиянын, атап айтканда Кыргызстан менен сооданын көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүн болоруна ишенимин билдирди.

Соңунда тараптар Шэньси провинциясы менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашты.

От admin