Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгына келди.
Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Ханзаада Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз — Эр-Рияддын Губернаторунун орун басары тосуп алды.
Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда.

От admin