Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда, Парижге (Франция Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында «Électricité de France» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана компаниянын башкы директору Люк Ремон менен жолугушту.
«Électricité de France» (EDF) — мамлекетке таандык француз трансулуттуу электр компаниясы. Башкы кеңсеси Парижде жана 2016-жылдагы кирешеси 71,2 миллиард евро. EDF Европада, Түштүк Америкада, Түндүк Америкада, Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Африкада кеминде 120 гигаватт кубаттуулуктагы ар түрдүү портфелди башкарат.
EDF долбоорлоодон тартып бөлүштүрүүгө чейин электр энергетика тармагында адистешкен. Компания атомдук энергетика, гидроэнергетика, шамал энергиясы, күн энергиясы, биомасса, геотермалдык энергия жана казылып алынган отун сыяктуу тармактарда иштейт.
Президент Садыр Жапаров акыркы мезгилде француз компанияларынын, анын ичинде Кыргызстан менен тыгыз байланыш түзүп жаткан «Électricité de France» компаниясынын энергетика тармагындагы келечектүү долбоорлорго катышууга кызыгуусу артып жатканын канааттануу менен белгиледи.
Мамлекет башчысы компанияны Чаткал дарыясына ГЭСти биргелешип курууга жана EDF бул долбоорду ишке ашырууга катышууга даяр экендигин эске алуу менен ушул багыттагы иштерди күчөтүүгө чакырды.
Президент Садыр Жапаров энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү максатында эл аралык каржы институттарынан каржылоону тартуу маселелери иштелип жатканын баса белгиледи. Ал бул өңүттө компанияны Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары карап, Борбор Азия аймагындагы эң ири ГЭСтерди куруу боюнча тажрыйба, технология жана ресурстарды камтыган амбициялуу демилгелерге катышууга үндөдү.
Өз кезегинде «EDF» компаниясынын башкы директору Люк Ремон Кыргызстан менен олуттуу кызматташууга даяр экендигин жана анын энергетика тармагындагы, атап айтканда гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруудагы бай тажрыйбасын белгиледи.
Ошону менен бирге Люк Ремонд мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда кыргыз тарап менен иштешүүнүн оңдуу тенденциясын белгилеп, кызматташуунун практикалык этабына өтүү үчүн Кыргызстанга кубануу менен келерин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

От admin