Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 11-ноябрда Сауд Аравия Падышалыгына болгон иш сапары аяктады.

Эр-Рияд шаарында Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмунун 8-кезексиз Саммитинде сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Саммиттин маанилүүлүгүн айтып, Кыргыз Республикасы бүткүл Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтуларын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.

От admin