Президент Садыр Жапаров Париж шаарына болгон иш сапарынын алкагында биринчи кыргыз-француз бизнес-форумуна катышты.
Иш-чарага Кыргызстандын жана Франциянын логистика, финансы, туризм, агроөнөр жай комплекси, ЭКБ, IT-технологиялар, текстиль өндүрүшү ж. б. тармактарындагы 50дөн ашык компаниялардын ишкерлери катышууда.
Форумдун катышуучулары менен саламдашып жатып, Мамлекет башчысы «МЕДЕФ Интернасионалдын» башкы директору Филипп Готьеге дүйнөнүн кооз шаарларынын бири – Парижде кыргыз делегациясына көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров бул бизнес-аянтча Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн канааттануу менен белгиледи.
«Биз өлкөлөр ортосунда түзүлгөн достук мамилелерибизди жогору баалайбыз. Бүгүнкү Форум, албетте, тараптардын мындан ары экономикалык кызматташтыкты арттыруу ниеттерин ачыктап турат. Биздин мамилелерибизге мындан да маңыздуу жана практикалык мүнөз берүүгө убакыт келип жетти. Бүгүнкү жолугушуу биздин ишкерлерге бизнес өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт деп ишенем», — деп белгиледи ал.
Мамлекет башчысы Кыргызстан уникалдуу соода магистралынын – Улуу Жибек жолунда жана Европа менен Азиянын ортосунда жайгашканын белгиледи. Соода жолдорунда пайдалуу географиялык жайгашуусу менен биздин өлкө Чыгыш менен Батыштын ортосундагы көпүрө боло алат.
Бул контекстте Садыр Жапаров азыркы учурда «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоор активдүү иштеп чыгуу стадиясында экенин баса белгиледи. Ошону менен бирге Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Европа багыты боюнча «Түштүк транспорттук коридорунун» маршруту иштелип чыгууда.
Президент Кыргызстандан Франциянын рыногуна органикалык азыктарды экспорттоо, анын ичинде ВСП+линиясы боюнча экологиялык жактан таза продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Ошону менен бирге ал Кыргызстандагы масштабдуу реформаларды, инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүлүп , чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы көбөйгөнүн айтты.
«Биз Франциянын агроөнөр жай комплексине жаңы технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасына кызыкдарбыз, ошондой эле биргелешкен агроөнөр жай ишканаларын түзүү боюнча француз компанияларынын сунуштарын кароого даярбыз. Биз Франциянын туристтик индустриясынын өнүгүү деңгээлине суктанабыз», — деп, Садыр Жапаров аталган тармактагы долбоорлорду ишке ашырууда, ошондой эле «таза » энергетиканы ишке киргизүүдө активдүү кызматташууга чакырды.
Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров Франциянын ишкер чөйрөлөрү кыргыз ишкерлери менен активдүү кызматташып, тил табышып, жакынкы келечекте масштабдуу долбоорлорду ишке киргизүүсүнө басым жасады.

От admin