“Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына өгөй ата эки кызын сабаганын жазып чыкты.

«Мага 9 жана 10 жаштагы кыздардын апасы кайрылды. Кыздардын өгөй атасы аларды түнү менен сабаган экен. Ал эми милиция аны эркиндикке чыгарып коюптур», — деп жазып, сүрөт менен бөлүштү.

Бишкек ШИИБси билдиргендей учурда 1990-жылы туулган К.И. аттуу жаран райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

» Кийин негизги материалдар боюнча чечим чыгаруу үчүн Бишкектин Ленин райондук сотуна жөнөтүлөт», — дешет алар

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып же күбө болуп калсаңыздар, Бишкек ШИИБ төмөнкү телефондорго чалууну суранышты: 0 (701) 700-251 (WhatsApp), 0 (312) 43-71-75 же 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуру аркылуу.

 

От admin