Ак-Талаа районунда опузалап талап кылган жаран кармалгандыгын Нарын ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын ОИИБге Ак-Талаа районун тургуну арызы менен кайрылган. Анда 17-октябрь күнү саат 16:00 чамасында жаран эч себепсиз ур-токмокко алып, ал иштетип жаткан ашканасына келип, ай сайын 7-8 миң сомдон опузалап талап кылып жүргөндүгүн билдирген. Аталган факты Ак Талаа РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрина катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын тургуну 1977-жылы туулган (кайманаты Жамбаш) кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Шектүү Нарын шаарындагы ЖАКтын СИЗО-4 мекемесине 1-айлык мөөнөткө камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

От admin