Саламаттык сактоо министрлиги таштанды челектен табылган жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы тууралуу маалымат берди.

Мааылматка ылайык, 8-октябрда саат 23:38де Бишкектеги №1 төрөт үйүнө апасы жок жаңы төрөлгөн ымыркай жеткирилген, эркек баланын сатмагы 2210 граммды түзгөн. Ал убагына жетип эле төрөлгөнү менен салмагы аз болгон.

Баланын белгисиз шартта төрөлүшү, катуу гипотермиядан (температуранын 28,4 градуска чейин төмөндөшүнөн) абалы оор экени белгиленет.

Жандандыруу бөлүмүндө балага дароо бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү: кароо, жылытуу, инфузиондук терапия.

«Бүгүнкү күндө дарыгерлер баланын абалын туруктуу деп баалашууда, кычкылтексиз, формула менен тамактандырып, инкубатордо, дарыланып жатат. Балага бардык оптималдуу шарттар түзүлүп, байкоо уланууда«, — деп айтылат маалыматта.

Баланын ооруканага түшкөнү боюнча Октябрь райондук милициясына билдирилген.

От admin