Ошто окуучуларды эки унаа жөө өтмөктөн сүзүп кеткен окуянын видеосу менен Ош шаардык милициянын кайгуул кызматы бөлүштү.

Маалыматка караганда, окуя 23-октябрда болгон. 2013 жана 2016-жылы туулган уул-кызын жолдо сүзүп кеткен жарандарга чара көрүү өтүнүчү менен милицияга алардын атасы кайрылган. Милиция тарабынан 2 унаанын айдоочусу кармалып, тергөөгө жеткирилген. Унаалар айып короого токтотулган.

От admin