Ош облусунун аймагында улуттар аралык касташууларды болтурбоо, трансулуттук коркунучтардын жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, жаштардын диний-экстремизмге тартылуусун алдан алуу максатында комплекстүү окуу-семинар башталды. Маалыматты Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, социалдык мекемелер, орто мектептердин директорлору, имамдар жана бей өкмөт уюмдар катышышты.
Семинар учурунда катышуучуларга видео-слайд сабактар өткөрүлүп, мындан сырткары атайын сахналаштырылган көрсөтүлөр коюлуп, мыйзамдуу укуктук ченемдерге таянган профилактикалык түшүндүрмөлөр берилди.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев өз сөзүндө: жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту сактоо бир гана милиция кызматкерлери эмес, жалпыбыздын жоопкерчилигибиз жана милдетибиз экендигин баса белгилеп кетти.
Иш-чаранын жыйынтыгында окуу-семинарга катышкан айыл өкмөттөрдөн келген, милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп, биргеликте иш алып барган жарандар Кыргыз Республикасынын ИИМдин сыйлыктары менен сыйланышты.
Бүгүнкү иш-чара “С. Ибраимов” жана “Бабур” атындагы драма театрларында өткөрүлүп жатат. Бул иш-чара Ош облусунун бардык аймагында өткөрүлөт.

От admin