Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Германияга жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын Элчилигинин аймагында орнотулган “Бала Манасчы” айкели менен таанышкан болчу.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, айкелди жаш скульптор Тамила Маматова жасаган.
«Бала Манасчы» кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен көөнө маданиятын, улуттук баалуулуктарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар. 10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, эртеңин жана рухун билдирет», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамы менен айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.
Ачылыш иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары жана Азиз Биймырза уулу жетектеген Улуттук Манас театрынын өкүлдөрү катышты.
Айкел орнотуу демилгеси Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев тарабынан көтөрүлгөн.

От admin