Индия жана Кытай жарандары үчүн 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

«Кыргызстанга кирүүнүн айрым шарттары сакталган учурда Индия жана Кытай жарандары үчүн 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Атап айтканда, АКШ, Улуу Британия жана Шенген зонасы сыяктуу өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү көп жолку визаларынын ээлери болгон Индия жана КЭР жарандары, өлкөдөн чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу менен 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим каралган. Кытай Эл Республикасынын Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайтарылуучу авиабилет болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет, мында Кыргыз Республикасынан чыккан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу берилет», — деп жазылат маалыматта.

Бул чаралар туристтик агымдарды андан ары стимулдаштырууга жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана ишкердик жагымдуулугун жакшыртууга багытталган.

От admin