Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) миграциялык рейд учурунда Орусиянын Красноярск аймагындагы фермада мыйзамдуу өкүлдөрү жок иштеп жүргөн 15 жаштагы кыргызстандык кыз табылганы тууралуу билдирүүгө комментарий берди.

29-апрелде ТИМдин басма сөз кызматы таркаткан билдирүүдө 2008-жылы төрөлгөн кыз ферманын аймагында ата-энеси кол коюп берген ишеним каттын негизинде 36 жаштагы бир тууган эжеси менен чогуу иштеп жүргөнү жазылган. «Административдик укук бузуулар тууралуу протокол түзүлгөндөн кийин кыз эжесине өткөрүлүп берилди», – деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин орус басылмалары Орусиянын Ички иштер министрлигине шилтеме кылып, полициянын рейди учурунда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Азербайжандын 68 жараны иштеген фабрикада бойго жете элек кыргызстандык кыз табылганын кабарлашкан.

Орусияда жумушчуларынын көбүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар түзгөн ишканалардагы текшерүүлөр 22-мартта болгон «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы теракттан кийин күчөдү.

От admin