Аргентинанын борборундагы Кордоба провинциясында чоң масштабдагы токой өрттөрүнөн улам ондогон адамдар эвакуацияланды. Алар жергиликтүү тургундун күнөөсү менен башталган, деп билдирет Associated Press.

Өрттүн жайылышына ысык жана катуу шамал шарт түзгөн. Улуттук өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, 10-октябрда Кордовада беш активдүү өрт кырсыгы катталган.

27 жаштагы Улисес Харате өрт койгон деген айып менен кармалган. 9-октябрда түштөн кийин Вилла Карлос Пас шаарына жакын жерде ал кофе жасоо үчүн от жагып, бирок катуу шамалдан улам жалынды башкара албай калган.

Өрттөрдү өчүрүүгө 960 өрт өчүрүүчү, сегиз учак жана эки тик учак катышууда. Азырынча өрттөн канча үй жабыркаганы тууралуу маалымат жок. Облустук бийлик жабыркаган аймактарга ичүүчү суу, азык-түлүк, матрацтар жана жууркан-төшөктөр менен жүк ташуучу унааларды жөнөтөн.

От admin