ХАМАС радикал тобунун Израилге жасаган чабуулунан курман болгондордун саны миңден ашты. Бул тууралуу шейшембиде Израилдин АКШдагы элчилиги билдирди. Дагы 3,5 миңге жакын жаран ар түрдүү деңгээлде жаракат алды.

Каза болгондордун арасында Орусиянын төрт жараны бар. Дагы алты орусиялык дайынсыз болууда.

Израилдин эсеби боюнча, кол салууда 100-150 израилдик жана башка өлкөлөрдүн жарандары туткунга алынган.

Шейшемби күнү эртең мененки расмий маалыматка караганда, Израилдин 123 жоокери салгылашууда курман болгон.

Газа тилкесинде Израилдин ХАМАСтын инфраструктурасына жасаган жапырт аба соккуларынын натыйжасында 800дөн ашуун палестиналык набыт болуп, 4 миңден ашууну жараланды. Бул тууралуу жергиликтүү Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Израилдик армиясы ХАМАСтын 1500 согушкери өлтүрүлгөнүн ырастоодо. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоого мүмкүн болбой жатат.

От admin