Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатынын бийлиги Marion Biotech компаниясына өндүрүшүнүн көп бөлүгүн калыбына келтирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Былтыр индиялык үч ишкана, анын ичинде аталган фармацевтикалык компания өндүргөн жөтөлгө каршы сиропту ичкенден кийин Өзбекстанда, Гамбияда жана Камерунда 141 бала чарчап калган.

«Өндүрүштү калыбына келтирүүгө уруксат берүү чечими Marion Biotech компаниясынын продукцияларынан токсиндер табылган башка учурлар аныкталбагандыгына байланыштуу кабыл алынды. Муну менен өндүрүүчү фирманын апелляциясы жарым-жартылай канааттандырылды», – деди Уттар-Прадеш штатынын Дары-дармекке көзөмөл кылуу кызматынын өкүлү Шаши Мохан Гупта.

Ал Marion Biotech компаниясынын пропиленгколь затын колдонууга уруксат берген лицензиясы алынып, калган бардык продукцияларын өндүрүүгө уруксат берилгенин кошумчалады.

«Штат бийлигинин бул чечими менен компанияга курамында пропиленгликоль жок бардык продукцияларын өндүрүүгө уруксат берилди», – деди ал.

Уттар-Прадеш штатындагы Marion заводу быйыл март айында жабылган. Буга Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги аталган ишкана өндүргөн жөтөлгө каршы «Док–2 Макс» жана «Амбронол» сиропторунун курамынан уулуу диэтиленглиголь жана этиленгликоль заттарынын ашыкча көлөмү табылганын билдиргени себеп болгон. Кийин Индиянын өзүндө жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр да бул маалыматты ырастаган. Анда компания сироп өндүрүүдө диэтиленглиголь жана этиленгликоль заттарын алар арзан болгону үчүн колдонгону белгиленген.

«Док–1 Макс» иши боюнча өткөн сотто Marion Biotech компаниясынын сиропторун таркатуучулар милдеттүү текшерүүдөн өткөрбөө үчүн өзбек аткаминелерине 33 миң доллар өлчөмүндө пара бергени белгилүү болгон.

От admin