Армян тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Армениянын премьер-министри бир катар жагдайлардан улам КМШнын Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди.

Лидерлер туруктуу байланыштарды сактоого жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн достук маанайда эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө макулдашты.

От admin