«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2- бөлүмүнүн 15-пуктуна ылайык Абылгазиев Атабек Абылгазиевич энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.
Министрликтен билдиргендей, тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин Нарын электр тармактар ишканасынын башкы директору болчу.

От admin