2023 06 27 15 10 34
9 / 100

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында дүйнөнү кыдырып жүргөн белгилүү туристтердин тобу менен Соң-Көлдө жолукту.

Өз сөзүндө ал дүйнөнүн туш тарабынан келген туристтер Кыргызстандын керемет жерлерин акысыз жарнама кылып берээрин, аны менен туризм тармагы өнүгөөрүн билдирди. “Ушундай коноктордун Кыргызстанга келип, тоолуу аймактарыбызды, жайлоолорубузду, керемет жерлерибизди көрүп бүт дүйнө жүзүнө таанытат. Муну менен чоң жарнама кылып берип жатат, биз өзүбүздүн меймандостугубузду көрсөтүшүбүз керек”, — деди ал.

Бул туристтер жөнөкөй туристтерден эмес. Алар дүйнөгө белгилүү ишкерлер жана инвестиция салууга кызыкдар адамдар. Алар Кыргызстанда белгилүү “Акылсыз Макс” (“Безумный Макс”) тасмасынын стилиндеги унаалар боюнча MadWay Rally жарышын өткөрөт.

Булак: Сереп

Loading

От admin