«Менин берген ар бир добушума жообум бар. Анткени мага добуш берген ар бир шайлоочумдун добушу мен үчүн аманат». Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо соцтармактагы баракчасына жазды.

«Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алуу боюнча берген добушумдун да жообу бар. Ал жүрөгүмдөн кабыл алынган чечим. Кесиптешим Адахан Кимсанбаевичти сыйлаганым үчүн көп сөз айткым келбей турат… Мадумаровчул эмес, мамлекетчил бололу. Жер байлыгы — бул эл байлыгы», — деп жазылат билдирүүдө.

Андан ары Мирлан Самыйкожо билдирүүсүн төмөндөгүдөй ыр саптар менен коштогон:

Мейли мени сөккүлө, каргагыла,

Мейли мени “өлтүр” деп жалдагыла.

Парасатын Мекендин бийик коюп,

Пенде үчүн андайга барбагыла!

“Ак карганы” көргөндөр айткылачы?!

Акыйкатты өлтүрүп албагыла!!!

От admin