Бишкек шаарындагы улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде «Ар дайым сулуулук» кайрымдуулук акциясы өттү. Маалыматты Бишкек мэриясы кабарлады.

Бул иш-чарага Биринчи май районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова   катышты.

«Мухабат» сулуулук салонунун чеберлери чоң ата, чоң энелерге модалуу чач жасалгаларын жасап, 35ке жакын адам сулуулук кызматын  пайдаланышкан.

Белгилей кетсек, мода иш-чарасын Биринчи май районунун акимиаты уюштурган.

Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеси 1961-жылдан бери иштеп келет.

Мекеме жергиликтүү бюджеттен каржыланып, аны кармоого жыл сайын 24 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт.

Учурда бул мекеменин бардык тургундары 4 маал тамактануу, социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик жактан тейлөө, ошондой эле биринчи керектелүүчү буюмдар, кийим-кечелер менен толук камсыздалган.

От admin