Бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде кесиптик ишмердигиндеги орчундуу жетишкендиктери менен айырмаланган Кыргыз Республикасынын жарандарын сыйлоо аземи болуп өттү. Маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын өз ишинде ийгилик жараткан жарандарына Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш жарыялады.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланышты:

  • милициянын отставкадагы полковниги Сеитов Бактыбек Абдылашымович, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин коомдук кеңешчиси;
    • милициянын майору Аширбаев Чолпон Таживаевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы;
  • милициянын капитаны Сайпиев Илгизбек Султанбаевич, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн каракчылык менен кол салуунун жана опузалоонун бетин ачуу боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы.
    Министрлер Кабинетинин Алкышы жарыяланды:
  • милициянын подполковниги Калыбаев Нармырза Нарбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматынын бөлүм башчысы;
  • милициянын подполковниги Копытина Анна Сергеевна, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү;
  • милициянын капитаны Мусаев Адилет Мусаевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү;
  • милициянын улук лейтенанты Шаршеева Адинай Джаныбаевна, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматынын тескөөчүсү;
  • милициянын подполковниги Каравай Святослав Александрович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Экинчи башкармалыгынын жогорку технологияларды колдонуу менен кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүлү;
  • милициянын майору Акматов Рысали Султаналиевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн улук ыкчам өкүлү.

От admin