Тайырбек Жумашбек уулу UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти жазды.

Маалыматка караганда, жаңыланган рейтинг Белград шаарында (Сербия) өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлүп, анда кыргызстандык балбан 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

Эми Жумашбек уулунун эсебинде 68 миң упай бар жана 61 кг салмакка чейинки балбандардын рейтингинде 2-орунда.

От admin