Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев: Атага тең уул болсом экен деп кыргыз элиме кызмат кылуудамын!

Атам Мураталиев Молдалы 1922-жылы 9-майда азыркы Талас облусунда, Кара-Буура району, Арчагул айлында колхозчунун үй-бүлөөсүндө көп балалуу үйдө туулган. Ата энесинен эрте калып, 7-классты ШКМде (школа комунистической молодежи) окуп бүтүргөн. Атамдын балалык кезинде Грозный айлында (азыркы Аманбаево айылы) орустар көп болоор эле, чоң атам Муратаалы ошолор менен буудай айдап, эл баккан адам экен. Ал эми атам болсо орустар менен чогуу өсүп, алардын тилин үйрөнүп, орусча таза сүйлөп калган экен. Атам жетим калып, эмгек жолун 15-16 жашында эрте баштаган. Ошол алган билими менен азыркы Таластагы, Кок-Сай айылынын тургундарын, чабандарын, сабатсыздыктан, (ликвидация безграмотности) жою боюнча эл аралап окутуп, иштеп, жан багышкан экен. Чоң Атам, чон апам, эрте кайтыш болушуп, көп бир туугандарынан эки апчеси (эжеси), бир карындашы калат. Экинчи Айдай эжеси казакка тийип, улуу эжеси Тоту Ошко, Куршабка турмушка чыккан экен. 1937-38-жылдары Тоту апам атамды жана карындашы Уриканы колуна алып, жетимдерди Ошко, Куршабка алып кетет. Атам Таластагы көнгөн ишин Куршабда сабатсыздыкты жою боюнча мугалим болуп улантыптыр. Ал эми карындашы Урика апам, ошол кезде трактордун окуусун бүтүп кесиби боюнча пахта талаасында иштеп, эжесине жардам берген. Кийин Кара-Сууга турмушка чыгат. 1941-жылы согуш башталганда, атам ошол Куршаб райвоенкоматынан (КРВК) согуш майданына чакырылат.

Согуштун кандуу жылдарында атам Мураталиев Молдон танканын командири болуп согуш жолун Владимирден баштап Берлинден аяктаган.

7-сентябрь 1945- жылы, чоң Берлиндеги Жеңиш Парадынан өтүп, Советтер Союзунун ll жана lll даражатагы Даңк ордени менен сыйланган.

Бүгүнкү күндө, атам Мураталиев Молдалынын жаркын элесине арнап, бокс боюнча жаштар арасындагы Эл аралык Xl турнирди өткөрүүдөбүз. Атамдын эрдиги менен элибизге кылган эмгегин эске алып, учурда кыргыз элибизге атамдай уул болойун деп кызмат кылуудамын!

От admin