Экс-депутат Равшан Жээнбековдун «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго жазган каты социалдык тармактарда жарыяланды.

«СИЗОдогу кемпир-абадчылар, сиздин биздей эле мыйзамсыз жана адилетсиз камалганыңызга аябай кейидик. Биз бул мыйзамсыздыкта, куугунтукта баарыбыз биргебиз. Экинчи жагынан, түрмө Кыргызстандын авторитардык бийлиги жараткан реалдуулук. Биз саясатчылар, активдүү жарандар муну баарыбыз билебиз да. Ошондуктан, бардык өйдө-ылдыйга даярбыз.

Түрмө күчтүү саясатчыны андан дагы күчтүү кылат. Алсыз, идеясы, чоң максаты жокторду сындырат. Сизди мен күчтүү саясатчы деп билем. Садыр менен Камчы сиздин денеңизди түрмөгө сала алат, бирок сиздин сөзүңуздү, пикириңизди, саясий позицияңызды жана кыяларыңызды сала албайт. Көп жазыңыз, сүйлөңүз, күрөшүңүз», — деп жазылат катта.

От admin