Өлкөдө экинчи жума катары менен кызамык оорусунун азайышы байкалууда. Тактап айтканда, 2023-жылы кызамык оорусунун 39 учуру катталды, анын ичинде 34 бала жана 5 чоң адам. Балдар арасында кызамык оорусун катталышы өткөн жумага салыштырмалуу 15 пайызга кыскарган (46 учур). Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди.
Маалыматкка ылайык, жыл башынан бери кызамык оорусунун 1982 учуру катталса, анын 147си чоңдор, 1835и балдар, анын ичинде 1454 учур 4 жашка чейинки балдар арасында катталган.

Ош облусунда 635 учур

Бишкек шаарында 485 учур,

Ош шаарында 296 учур,

Чүй облусунда 214 учур,

Жалал-Абад облусунда 116 учур,

Баткен облусунда 92 учур,

Таласта облусунда 77 учур,

Ысык-Көл облусунда 60,

Нарын облусунда 7 учур.

Кызамык — коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, анын өтүшүп кетүүсү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Профилактикалык эмдөөдөн өтпөгөн балдар жана чоңдордо жугузуп алуу коркунучу жогору. Кызамыкты атайын дарылоо жолу жок, ошондуктан бул ооруну алдын алуу үчүн өз убагында чараларды көрүү зарыл. Эмдөө — кызамыкты алдын алуунун негизги жана эң натыйжалуу жолу экенин эсиңиздерге салабыз.

От admin